Түштүк Кореянын президенти үйсүз калды
Бүгүн, 15-июлда чет өлкөлүк маалымат каражаттары Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён жалгыз батирин сатып жибергенин билдиришти. Президент бул тууралуу айтып жатып: "Эми менин үйүм жок",- деген.
Маалыматка ылайык, ал батирин ушул жылдын февраль айында кыймылсыз мүлк рыногун турукташтыруу боюнча өкмөт жүргүзүп жаткан саясатка элдин ишенимин арттыруу максатында сатыкка койгон.
Учурда Түштүк Кореяда өздөрү жашабаган турак жайларын инвестиция үчүн кармаган жарандарды үйлөрүн сатууга үндөгөн саясат жүргүзүлүүдө. Бул турак жай фондун көбөйтүп, бош турган батирлердин санын азайтууга багытталган. Азыр Ли Чжэ Мён жубайы менен Сеулдагы президенттик расмий резиденцияда жашайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:29
2026-07-27
9:25
2026-07-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















