super.kg logo

Түркияда Сулайман султан жана Хүррем тууралуу тамашасы үчүн белгилүү стендап-комик 5 айга соттолду

 

Түркиялык стендап-комик Туба Улу Осмон империясынын султаны Сулейман Кануни жана Хүррем Султан тууралуу айткан тамашасы үчүн 5 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда чет элдик басылмалар жазышууда.

Анда айтылгандай, сот чечими боюнча жаза шарттуу түрдө аткаруу мөөнөтү жылдырылган.

Окуя ушул жылдын март айында болгон. Туба Улу өзүнүн стендап программасында Сулейман Кануни менен Хүррем Султандын мамилесин азыркы заманбап мамилелер менен салыштырып, тамаша айткан. Анын сөздөрү социалдык тармактарда кызуу талкууланып, айрымдар комикти тарыхый жана улуттук руханий баалуулуктарды кемсинтти деп айыпташкан.

Көп өтпөй ага карата иш козголуп, комик кармалган. Соттун жыйынтыгында ага 5 айлык абак жазасы берилген.

Султан Сулейман Кануни XVI кылымда Осмон империясын башкарган эң белгилүү султандардын бири болгон. Ал эми Хүррем Султан сарайдагы таасирдүү аялдардын бири катары тарыхта калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: