Иран АКШнын соккусунан жети аскер кызматкери каза болгонун билдирди
АКШнын Ирандын түштүк-чыгышына жасаган соккуларынан 7 ирандык аскер каза болду. Бул тууралуу IRIB өлкө армиясына шилтеме берип кабарлаган.
"Ираншахре аймагына жасалган АКШнын соккусунан 388-биригаданын 7 аскери каза болуп, бир канча аскер жаракат алды",- деп айтылат анда.
Ирандын расмий өкүлү Фатеме Мохаджерани Х социалдык тармагына акыркы күндөрү АКШнын соккуларынан 30дай жай тургун каза болгонун маалымдады.
Эске салсак, 18-июнда Иран менен АКШ аралыктан өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Документте 28-февралда башталган аскердик жаңжалды токтотуу каралган. Ошондой эле меморандум АКШнын деңиз блокадасын алып салуу жана Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын калыбына келтирүү мөөнөттөрүн аныктамак.
24-июнда АКШ менен Ирандын ортосунда кыска мөөнөткө токтотулган техникалык сүйлөшүүлөр кийинки жумада кайра жанданары маалымдалган. Тараптардын сүйлөшүүлөрү Пакистан менен Катардын ортомчулугу алдында өтүп жаткан.
Бирок июнь айынын аягында АКШ менен Иран бири-бирине маал-маалы менен сокку уруп, аймакта чыңалуу жаралган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















