Түштүк Корея бардык аскер түрлөрү үчүн бирдиктүү академия түзөт
Бүгүн, 16-июлда Түштүк Кореянын өкмөтү жана башкаруучу Демократиялык партиясы кургактагы, деңиз жана аба күчтөрүнүн офицерлерин даярдай турган бирдиктүү аскер академиясын түзүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары кабарлашты.
Жаңы окуу жай Тэжон шаарындагы аскердик окуу жайлар комплексинин базасында курулат. Академияда жарандык окутуучулардын үлүшү кеминде 50 пайызды түзөт деп пландалууда.
Коргоо министри Ан Гю Бактын айтымында, жаңы систем курсанттардын мүмкүнчүлүктөрүн толук ачууга жана аскердик билим берүүнү жаңылоого багытталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















