6 айда мамлекеттик казынанын кирешеси 454,2 миллиард сомду түздү
Быйыл январь-июнь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 454 миллиард 251,8 миллион сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында маалымдады.
Өкмөт башчынын айтымында, киреше пландалган көрсөткүчтөн 22 миллиард 652,7 миллион сомго ашкан. План 105,3 пайызга аткарылган.
"Мамлекеттик салык кызматынын кирешеси 191 миллиард 620 миллион сомду түздү, бул пландан 7 миллиард 442,7 миллион сомго көп. План 104 пайыз аткарылды. Мамлекеттик бажы кызматынын кирешеси 87 миллиард 380,4 миллион сомду түздү. Бул пландан 4 миллиард 385,8 миллион сомго жогору. План 105,3 пайыз аткарылды",- деди Касымалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















