Караколдогу тропикалык түшүм (видео)
Каракол шаарынын тургуну Елизавета Богданова 5 жылдан бери тропикалык өсүмдүктөрдү ийгиликтүү өстүрүп келет. Анын күнөсканасында банан, кофе, кумкват, лимкват, папайя, анжир жана гуава сыяктуу экзотикалык өсүмдүктөр өсөт.
Елизавета 11 жыл Чехияда жашап, ал жактан Кыргызстанга банандын алгачкы көчөттөрүн жөнөткөн. Атасы үйүнүн короосуна күнөскана куруп берген.
Бүгүнкү күндө бардык экзотикалык өсүмдүктөр жергиликтүү шартка жакшы ыңгайлашып, жыл сайын мол түшүм берип келет.
Караколдогу тропикалык түшүм
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















