Баян Максат кызы убадасын аткарды: Меруерт Өтөкешова жаңы батирдин ачкычын алды
Казакстандын белгилүү продюсери Баян Максат кызы (Алагөзова) бир нече ай мурда берген убадасын аткарып, Казакстандын Эл артисти Меруерт Өтөкешовага жаңы батирдин ачкычын тапшырды.
Продюсер менен актриса буга чейин жолугушуп, Баян Максат кызы таланттуу өнөр ээсине батир белек кыларын билдирген. Эми ал сөзүндө туруп, батирдин ачкычын салтанаттуу түрдө тапшырды.
Белекти алган Меруерт Өтөкешова кубанычын жашыра албай, ыраазычылык билдирип, көзүнө жаш алды.
Мындан тышкары, Баян Максат кызы актрисага Түркияга 10 күндүк эс алууга жолдомо да белек кылды.
Бул жагымдуу окуя коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, социалдык тармактарда кеңири талкууга алынууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















