super.kg logo

Месси Ямаль менен түшкөн сүрөтү тууралуу айтып берди

 

Аргентинанын курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси кичинекей Ламин Ямалды жуунтуп жаткан сүрөт тууралуу алгачкы жолу комментарий берди.

Анын айтымында, жылдар өткөндөн кийин сүрөттөгү бала менен футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалында жолуга турганын элестете да алган эмес.

"Бир кезде кокусунан бир ымыркай менен сүрөткө түшүп калып, эми аны менен Дүйнө чемпиондугунун финалында беттешем деп ким ойлоптур? Бул чындыгында эле таң калычтуу!" - деген Месси.

Сүрөт 2007-жылы испаниялык гезиттердин биринин кайрымдуулук календары үчүн тартылган. Анда 20 жаштагы «Барселонада» ойноп жүргөн Месси Каталониядагы ымыркайлар менен фотосессияга катышкан. Ошол наристелердин бири кийинчерээк атактуу футболчуга айланган Ламин Ямаль болгон.



Көп жылдар бою бул сүрөт коомчулукка дээрлик белгисиз бойдон келген. Бирок 2024-жылдын жай айларында Ямалдын атасы аны социалдык тармактарга жарыялаган.

Бүгүн, 19-июлда Месси менен Ямаль футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалында Испания менен Аргентинанын курамында бири-бирине каршы оюнга чыгышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: