Аптап Япониянын дээрлик бүт аймагын каптады
Бүгүн, 20-июлда Япониянын борбору Токио шаарында жана өлкөнүн дагы 38 административдик аймагында аптаптуу аба ырайына байланыштуу эскертүү жарыяланды. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат агенттиктери билдиришти.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, Токиодо абанын температурасы 36 градуска чейин көтөрүлөт. Айрым аймактарда, анын ичинде Сайтамада 38, Нагоя, Киото жана башка шаарларда 37 градуска чейин ысык күтүлүүдө.
Адистердин божомолунда, алдыдагы жумада өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө абанын температурасы 30 градустан жогору болуп, айрым жерлерде 40 градуска чейин жетиши мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















