Трамп Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешинен чыккандан кийин дароо Иранды бомбалоого буйрук берди

АКШнын президенти Дональд Трамп футбол боюнча 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттеши өткөн стадиондон чыгып кеткенден кийин бир нече секунд өтпөй Иранга карата жаңы аба соккуларын баштоого буйрук берди. Бул тууралуу АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) маалымдады.
Маалыматка ылайык, Иранга каршы тогузунчу ирет уюштурулган соккулар АКШнын чыгыш жээгинин убактысы боюнча саат 19:00дө башталган. CENTCOM бул операциялар Ормуз кысыгы аркылуу өткөн коммерциялык кемелерге жана жарандык деңизчилерге коркунуч жараткан Ирандын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн алсыратууга багытталганын билдирди.
Ошол эле учурда АКШнын Бахрейндеги элчилиги өлкөдө жүргөн америкалык жарандарды этият болууга жана жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырды.
Мындан тышкары, АКШнын Борбордук командачылыгы буга чейин дайынсыз жоголгон деп эсептелген үчүнчү америкалык аскер кызматкеринин сөөгү табылганын, бирок анын өздүгү азырынча аныктала электигин билдирди.
Ирандын Tasnim агенттиги өлкөнүн Табриз, Чабахар, Канарак жана Бандар-Имам Хомейни шаарларында жардыруулардын үнү угулганын маалымдады. Бирок кайсы объектилер бутага алынганы тууралуу маалымат берилген жок.
Буга чейин Ирандын армиясы Кувейттеги АКШнын аскердик базаларына жооп иретинде эки жолу сокку урганын билдирген. Маалыматка ылайык, дрондордун бири ок-дары сакталган кампаны бутага алган.
Эске салсак, Дональд Трамп буга чейин футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү болгон Испания курама командасын сыйлоо аземине катышып, жеңүүчүлөр кубокту көтөргөн учурда дагы сахнадан кетпегени коомчулукта кеңири талкуу жараткан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















