Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу күчөп, мунайдын баасы баррелине 90 доллардан ашты

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Азия биржаларында дүйшөмбү күнү соода башталары менен мунайдын баасы дээрлик 3 пайызга кымбаттап, бир баррели 90 доллардан ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
ICE биржасынын маалыматына ылайык, Brent үлгүсүндөгү мунайдын сентябрь айындагы фьючерстери 2,69 долларга кымбаттап, бир баррели 90,79 долларга жетти. Бул көрсөткүч 11-июндан берки эң жогорку деңгээл болуп саналат. Соода жүрүшүндө баа бир аз төмөндөгөнү менен, жогорку деңгээлде сакталууда.
Ал эми америкалык WTI үлгүсүндөгү мунайдын баасы бир баррели үчүн 84,68 долларды түзүп, 2,65 пайызга өстү. Бул дагы 12-июндан берки эң жогорку көрсөткүч болду.
Мунайдын кымбатташына АКШ менен Ирандын ортосундагы аскердик жаңжалдын күчөшү себеп болууда. Эки өлкө тогузунчу күн катары менен бири-бирине сокку урууну улантып жатат. Натыйжада дүйнөдөгү эң маанилүү мунай ташуу жолдорунун бири болгон Ормуз кысыгы аркылуу энергия ресурстарынын жеткирилишине коркунуч жаралды.
Буга чейин АКШ Иранга каршы кезектеги соккуларын баштап, Иорданиядагы америкалык аскерлерге жасалган чабуул үчүн жооп кайтарарын билдирген. Өз кезегинде Иран Кувейттеги АКШнын аскердик базаларына эки жолу сокку урганын маалымдаган.
Андан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп футбол боюнча ЧМ-2026нын финалдык беттеши өткөн стадиондон чыккандан кийин дароо Иранга жаңы аба соккуларын баштоого буйрук берген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















