Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)
(Башы өткөн сандарда)
Мен атамды таптым, инимди таптым. Көп жылдар бою эңсеп келген үй-бүлөмө кайрадан жолугуп, тагдыр мага көптөн күткөн бакытты тартуулады. Бир кезде кол жеткис сезилген күндөр эми менин жашоомдун бир бөлүгүнө айланды. Атамдын “кызым” деп эркелеткени, Камчынын жанымда болушу жүрөгүмдөгү көп жараларды айыктырды. Бирок алардын да өз жашоосу бар эле да, Камчы менен Азиза кайра Орусияга кетти. Бул жолу ак эмгек менен иш кылып, буттарына турат деп терең ишенем. Кетип баратып жүрөгүмдүн бир аз бөлүгү алар менен кеткендей болду, бирок ак жол кааладым. Атам айылга, үй-бүлөсүнө кетти. Мен кайрадан жалгыз калдым...
xxx
Илимди бул убактарда унуттум деп ойлогом, бирок жалгыз калуу менен кайра жарам ачылды, мен аны унута албаганыма көзүм жетти. Казат ата менен Гүлай апанын үйүндө иштебей калгам, бирок кабар алып турчумун. Алар мени өз кызындай көрүп, мен да аларды жакшы көрчүмүн. Канчалык өзүмдү алаксытпайын, канчалык жаңы жашоо баштоого аракет кылбайын, Илимдин элеси жүрөгүмдөн кеткен жок. Кээде өзүмө ачууланам. “Эмнеге? Эмнеге аны дагы эле күтөсүң?” деп өзүмдү жемелейм. Бирок сүйүү буйрукка баш ийбейт экен. Ал жүрөктө жашап калса, аны күч менен чыгарып салуу мүмкүн эмес тура.
Мен аны жек көрүүгө аракет кылдым. Таарындым. Ыйладым. Унутайын дедим. Бирок канчалык алыстаган сайын, жүрөгүм аны ошончолук сагынарын түшүндүм.
Кээде өзүмдөн “Эгер ал кайра жолуксачы?” деп сурайм. Дароо эле “Жок! Баары бүттү” деп жооп берем. Бирок ошол жооптун артында дагы эле үмүт жашап жатканын өзүмдөн жашыра албайм. Тагдыр мага атамды кайтарды. Инимди кайтарды. Үй-бүлөмдү кайтарды. Бирок сүйгөн адамымды кайтарган жок.
Балким, сүйүүнүн эң оор сыноосу – бирөөнү бүт жүрөгүң менен сүйүп туруп, аны менен бирге боло албаганыңдыр. Мен жашоомду улантып жатам. Жылмайганды да үйрөндүм. Бирок ар бир жылмаюумдун артында айтылбай калган сөздөр, аткарылбай калган кыялдар жана Илимге болгон бүтпөгөн сагыныч жашап келет. Балким, убакыт баарын айыктырат дешет. Бирок мен үчүн убакыт болгону күндөрдү алмаштырды. Ал эми жүрөгүмдө Илимге арналган орун ошол бойдон калды... Мен жашоомду кайрадан бир нукка салдым деп ойлочумун. Атамды таптым, инимди таптым. Үй-бүлөмдүн жылуулугу жүрөгүмдөгү көп жараларды айыктыра баштагандай сезилчү. Бирок Илимге болгон сүйүүмдү гана жеңе алган жокмун.
xxx
Ошол күнү кадимкидей эле жумуштарым менен көчөдө бара жаткам. Айланадагы адамдардын эч кимиси көңүлүмдү бурган эмес. Күтүлбөгөн жерден мага бирөө келип урунуп кетти. Колумдагы баштык жерге түшүп кетти.
– Кечирип коюңуз...- деген эркектин үнү угулду.
Мен башымды көтөрдүм... Ошол замат бутум жерге кадалып калгандай болду. Жүрөгүм дүкүлдөп, демим кысылып кетти. Ал... Илимге куюп койгондой окшош эле. Ошол эле көздөр. Ошол эле жылмаюу. Ошол эле бой, келбет. Бир саамга убакыт токтоп калгандай сезилди. Жылдар артка кайтып, мен кайрадан Илим менен биринчи жолу жолуккан күнгө түшүп калгандай болдум.
– Илим...- деген сөз эркимден тышкары оозумдан чыгып кетти.
Жигит мени таң кала карап, акырын жылмайды.
– Кечириңиз, сиз жаңылыштыңыз окшойт. Менин атым Илим эмес, Элдар.
Ошондо гана өзүмө келип, эмне кылып жатканымды түшүндүм.
– Кечирип коюңуз...
Ал мени бир саамга унчукпай карады. Көздөрүмдөгү кайгыны байкады окшойт.
– Баары жакшыбы?- деди акырын.
Мен жооп бере алган жокмун. Болгону көзүмдү ала качып, башымды ийкедим. Ал акырын жылмайып:
– Кээде тагдыр адамдарды жөн эле жолуктурбайт. Балким, бул жолугушуунун да өз сыры бардыр...
Ушул сөздү көп ойлондум, ал кадимкидей эле тагдырды окугандай айткан экен. Кыскасы, Элдар менен таанышып калдым. Акылым анын Илим эмес экенин түшүнүп турду. Бирок жүрөгүмө бир жакшы илеп келип жатты. Ошол күнү мен биринчи жолу өзүмө суроо бердим: эмне үчүн тагдыр мага Илимди эмес, ага ушунчалык окшош адамды жолуктурду? Бул жөн эле кокустукпу же жашоо мага жаңы сыноо даярдап жатабы? Билбедим.
Элдар менен болгон ошол кыска жолугушуудан кийин аны кайра көрбөйм деп ойлогом. Бирок тагдыр бизди кайрадан жолуктурду. Бул жолу шаар четиндеги чакан кафеден. Мен жалгыз отуруп чай ичип жаткан элем. Бир маалда каршы жагымдан тааныш үн угулду.
– Саламатсызбы? Бул жолу мени башка бирөө менен окшоштурбайсыз деп үмүттөнөм.
Башымды көтөрсөм, Элдар экен. Экөөбүз тең күлүп жибердик. Ошол учурда биринчи жолу чын дилден күлдүм.
Ал уруксат сурап жаныма отурду. Экөөбүз көпкө сүйлөштүк. Бирок таң калычтуусу – ал мага өзүн эмес, мени сүйлөттү. Менин жашоом, атам, иним, балалык кезим тууралуу сурады. Балким, ал жүрөгүмдө кандай сыр жатканын сезгендир. Ошондон кийин кээде телефон чалып, кээде жөн гана кабар жазып турду. Эч качан мажбурлаган жок. Кээде жооп жазбасам “эмне үчүн жооп берген жоксуң?” деп таарынган жок. Ал мени шаштырчу эмес.
Убакыт өткөн сайын анын башкача адам экенин байкай баштадым. Бирок Илимге салыштыра берчүмүн, Илим өтө сезимтал эле. Элдар болсо сабырдуу болчу. Илим сезими менен чечим чыгарчу. Элдар болсо акылы менен. Илим мени сүйгөн. Элдар болсо мени түшүнүүгө аракет кылды.
Бир күнү ал күтүүсүздөн:
– Тамчы, сен менден качып жүргөн жоксуң. Сен өзүңдүн өтмүшүңдөн качып жүрөсүң,- деди.
Анын бул сөзү жүрөгүмө түз жетти. Мен үн ката албай калдым. Анткени ал туура айтып жаткан эле. Ошол күнү үйгө кайтып баратып биринчи жолу Илим жөнүндө эмес, Элдар жөнүндө ойлондум. Бул ким? Эмнеге ага куюп койгондой окшош? А балким, анын таштап кеткен апасынын дайыны ушул жигит аркылуу белгилүү болот? Бул ой келгенде мээм чачырап кете жаздады. Кийинки жолугушууда көптөн бери көкүрөгүмдө турган суроону бердим.
– Элдар, ата-энең тууралуу айтып берсең?
– Эмнеге сурап калдың?- деди ал акырын.
– Билбейм... Балким, сени жакшыраак тааныгым келгендир. Сен үй-бүлөң тууралуу такыр айтпайсың.
Элдар алысты карап, терең дем алды.
– Апам жакшы аял. Мени өмүр бою жалгыз чоңойтту. Мен анын жалгыз уулумун.
– А атаңчы?
Бул суроомдон кийин анын көз карашы өзгөрүп кетти.
– Атам жөнүндө дээрлик эч нерсе билбейм.
Мен таң калып аны тиктеп калдым.
– Кантип?
– Апам анын атын да атагысы келбейт. “Бир күнү баарын өзүң түшүнөсүң” деп гана айтып келет. Кичинемден бери атам тирүүбү же жокпу, кайда жүрөт, эмне үчүн бизди таштап кеткен, эч нерсе билбейм.
Жүрөгүм бир нерсени сезгендей дүкүлдөп кетти.
– Апаңдын сүрөтү барбы?- дедим мен. Элдар мени таң кала тиктеп турду, “бул апамдын сүрөтүн эмне кылат?” дегендей. Бирок алып чыгып телефонунан мага көрсөттү. Чап жаак, сулуу, кайгылуу көздөрү менен караган аял турду. Көздөрүндөгү кайгыны мен бир жерден көргөндөймүн.Элдардын апасынын сүрөтүн көргөндөн бери жан дүйнөм тынч албай калды. Бир жагынан Илим… Бир жагынан Элдар… Экөөнүн тең көздөрү, сүйлөгөнү ушунчалык окшош эле. Акыры чыдай албай Элдардан сурадым.
Уландысы шилтемеде.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















