АКШ Иранга каршы жаңы соккуларды баштады

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Иранга каршы жаңы аба соккулары башталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, операция АКШ президенти Дональд Трамптын буйругунун негизинде башталган. CENTCOM билдиргендей, соккулардын негизги максаты – Ирандын Ормуз кысыгындагы соода кемелерине кол салуу үчүн колдонулуп жаткан аскердик мүмкүнчүлүктөрүн алсыратуу.
Ирандык маалымат каражаттарынын жазышынча, АКШнын соккулары Бендер-Аббас, Сирик, Чабахар, Конарак, Исфахан, Шираз шаарларын жана Ормуз кысыгындагы Кешм аралын камтыды. Ошондой эле өлкөнүн түштүгүндөгү Бендер-Ленге шаарында эки жарылуу катталып, Маркази провинциясынын Хомейн аймагындагы өнөр жай объектиси бутага алынганы айтылууда. Бушер атомдук электр станциясынын аймагында абадан коргонуу системалары ишке киргизилген.
Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасында Иран америкалык ар бир аскер кызматкеринин өлүмү үчүн "бир нече эселенген жооп" ала турганын билдирди.
"Иран америкалык аскер кызматкерин өлтүргөн сайын, ал бул үчүн бир нече эселенген жооп берет. Бул боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр коргоо министри Пит Хегсетке, Бириккен штаб башчылары комитетинин төрагасы Дэниел Кейнге жана бардык аскер жетекчилерине берилди", – деп жазды Трамп.
Эске салсак, буга чейин CENTCOM Иорданияда ирандык ракеталар менен учкучсуз учуучу аппараттарды тосуу учурунда АКШнын эки аскер кызматкери каза болгонун билдирген. Маалыматка ылайык, алар ракетага каршы коргонуу бөлүктөрүнүн курамында кызмат өтөп жатышкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















