Казакстан деңиз аркылуу мунай ташыган кемелерге дрон менен жасалган чабуулдарды сынга алды
Казакстан Тышкы иштер министрлиги Кара деңиздеги Каспий куур консорциумунун (ККК) мунай ташуучу жарандык кемелерине жасалган дрон чабуулдарын айыптады.
Министрликтин маалыматына ылайык, 17 жана 19-июль күндөрү Кара деңиздин акваториясында ККК аркылуу мунай ташууга катышкан жарандык кемелерге учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку урулган. Казакстан бул аракеттерди өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарына каршы багытталган кадам катары баалады.
"Мындай чабуулдарды Казакстандын экономикалык кызыкчылыктарына жол берилгис кол салуу, ошондой эле мыйзамдуу эл аралык соодага, дүйнөлүк энергетикалык рынокторго жана глобалдык транспорттук-логистикалык камсыздоо чынжырларына коркунуч жаратуучу аракет катары карайбыз",- деп белгиледи.
Маалыматтарга караганда, 19-июлда КККнын деңиз терминалына дрондор менен сокку урулуп, мунай жүктөө иштери убактылуу токтотулган. Чабуулдан кийин "ASIA" танкеринде өрт чыгып, ал өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча, мунай төгүлгөн эмес жана терминалдын кызматкерлеринен эч ким жабыркаган эмес.
ККК — Казакстандын мунайын дүйнөлүк рынокко чыгарган негизги экспорттук багыттардын бири. Өлкөнүн мунайынын болжол менен 80 пайызы ушул маршрут аркылуу ташылат. Ошондой эле консорциум эл аралык энергетикалык долбоор болуп саналат жана ага карата санкциялык чектөөлөр колдонулбайт.
Айрым маалыматтарда КККнын инфраструктурасына жасалган чабуулдар боюнча Украина тараптын аракеттери айтылууда. Бул боюнча расмий тараптардын билдирүүлөрү ар башка.
Казакстан тарап буга чейин да КККнын объекттерине жасалган соккулардан улам мунай өндүрүү көлөмүнө таасир болгонун белгилеген. Айрым эксперттердин айтымында, биринчи кварталда мунай жана газ өндүрүү 10-20 пайызга төмөндөгөн.
"Мунай жүктөп жаткан танкерлер өтө чоң тобокелдиктеги объект болуп саналат. Ар биринде 100-150 миң тонна мунай болушу мүмкүн. Эгер мындай кеме өрттөнүп же жарылып кетсе, адамдарга, экологияга жана жогорку технологиялык жабдууларга олуттуу зыян келиши мүмкүн",- деп белгилешет эксперттер.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги эл аралык өнөктөштөрдү бул окуяларды айыптоого чакырып, деңиз каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биргелешкен практикалык чараларды иштеп чыгууга үндөдү.
Министрлик учурда келтирилген зыяндын көлөмү ар тараптуу бааланып жатканын билдирди. Анализдин жыйынтыгына жараша Казакстан эл аралык укуктун негизинде өзүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу боюнча талаптарды коюу укугун өзүндө калтырарын белгиледи.
Ошондой эле ведомство бардык жаңжалдарды тынчтык жолу менен жөнгө салуунун маанилүүлүгүн белгилеп, эл аралык укуктун принциптерине, кеме жүрүү эркиндигине жана дүйнөлүк транспорттук-логистикалык каттамдардын коопсуз иштешине берилгендигин ырастады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















