Арктикада муз катмарынын тарыхтагы эң чоң кыскаруусу катталды
Бүгүн, 21-июлда окумуштуулар Арктикадагы деңиз музунун көлөмү тарыхтагы эң чоң жылдык төмөндөөгө учураганын билдиришти. Бул туралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Спутниктен алынган маалыматтарга ылайык, 2024-2025-жылдар аралыгында кышкы муз катмарынын аянты 5,8 пайызга кыскарган. Адистер буга чейин муздун эришинин жайлашы убактылуу көрүнүш болгонун, ал эми узак мөөнөттүү азаюу процесси уланып жатканын белгилешти.
Окумуштуулардын айтымында, Арктикадагы муздун азайышы климатка таасирин тийгизип, дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы аба ырайынын өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















