Татьяна Ким Wildberries компаниясынын дагы эки кампасына чабуул болгонун билдирди
Wildberries компаниясынын Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы логистикалык борборлоруна дрондор менен чабуул жасалды. Бул тууралуу компаниянын башчысы Татьяна Ким билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, коопсуздук максатында кызматкерлер алдын ала эвакуацияланып, учурда тиешелүү кызматтар менен бирге келтирилген зыянды жоюу иштери жүрүп жатат.
Краснодардагы логистикалык борбордо дрондун кулашынан өрт чыгып, 3 адам жабыркады. Ал эми Невинномысск шаарындагы кампадагы өрттөн кийин 5 адам медициналык жардамга кайрылган. Учурда эки аймакта тең кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери уланууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Москва облусунун Электросталь жана Тамбов облусунун Котовск шаарларында Wildberries компаниясына таандык кампаларга дрон түшүп, өрт каптаган. Кырсыктагандардын арасында эки кыргызстандык да бар.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















