ТИМ Wildberries кампаларына болгон чабуулдан кийин Кыргыз жарандары боюнча билдирүү жасады
Орусиянын Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы Wildberries логистикалык борборлоруна жасалган чабуулдан жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок.
ТИМдин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул маалыматты расмий тастыктоо үчүн Орусиянын компетенттүү органдары аркылуу тактоону улантууда.
Ошондой эле мекеме акыркы кырдаалдарга байланыштуу, Кыргызстандын жарандарына коопсуздуктун күчөтүлгөн чараларын сактоону, жүргөн аймактардагы кырдаалды эске алуу менен жергиликтүү расмий органдардын билдирүүлөрүн жана сунуштарын жетекчиликке алууну сунуштайт.
Жарандар шашылыш консулдук-укуктук жардам алуу зарыл болгон учурларда, төмөнкү ыкчам байланыш телефондоруна кайрылса болот:
▪ Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги: +7 925 285-50-47;
▪ Кыргызстан ТИМинин консулдук департаменти: + 996 999 312 002.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















