super.kg logo

Япония эми чочконун бөйрөгүн адамга салабы?

 

Японияда адамга жаныбардан орган көчүрүү боюнча алгачкы клиникалык сыноолорго даярдык башталды.

Чет өлкөлүк басылмалардын маалыматына ылайык, PorMedTec биотехнологиялык стартапы генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочколорду өстүрүп жатат. Алардын бөйрөгүн адамга көчүрүү боюнча сыноолор 2028-жылы башталышы мүмкүн.

Компаниянын планы боюнча, 2030-жылы жаныбарлардан адамга орган көчүрүүгө шарттуу уруксат алуу, ал эми 2033-жылга чейин бул ыкманы кадимки дарылоо ыкмасына айлантуу көздөлүүдө.

Генетикалык өзгөртүүлөр адамдын организми жаңы органды четке какпашы үчүн жасалган. Алгачкы бейтаптар бөйрөк жетишсиздигинен жабыркап, диализ алып жаткан 60 жаш чамасындагы адамдар болот деп күтүлүүдө.

Буга чейин 2022-жылы АКШда биринчи жолу генетикалык өзгөртүлгөн чочконун жүрөгү адамга көчүрүлгөн. Бирок бейтап операциядан 2 айдан соң каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: