Бүгүн ырчы Гүлжигит Калыков 37 жаш мааракесин белгилеп жатат
Бүгүн, 23-июлда кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчысы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков 37 жаш мааракесин белгилеп жатат. Ал 1988-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында жарык дүйнөгө келген. Беш бир туугандын төртүнчүсү. Атасы эсепчи, апасы мугалим болуп эмгектенген.
Гүлжигит Калыков мектепти Чүй облусунун Сокулук районунда аяктаган. Окуучу кезинде эле чыгармачылыкка кызыгып, 2004-жылы президенттик стипендияга ээ болуп, "Поющий город" теледолбооруна катышып, финалга чейин жеткен. Кийин Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин экономикадагы прикладдык информатика факультетинде билим алган. Ошол эле учурда Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында да окуган. Бирок музыкалык окуу жайдагы окуусун эки жылдан кийин токтоткон.

Ырчынын профессионалдык чыгармачылык жолу 2010-жылы продюсер Канат Култаев менен кызматташуудан башталган. Гүлжигит алгач "Күттүм сени" аттуу ырды аткарып чыккан. Ырчылык менен катар актёрдук чөйрөдө да өзүн сынап, "Сулуулар жана миллион" тасмасында башкы ролдордун бирин аткарган. Анын чыгармачылыгындагы эң чоң ийгиликтердин бири 2012-жылы Түркияда өткөн "Евразия жылдызы" эл аралык музыкалык сынагындагы жеңиши болду. Бул сынакта Түркия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан жана Түндүк Кипрден келген катышуучулар арасынан баш байгени жеңип алган.Ошол эле жылы университетти аяктап, чыгармачылык билимин өркүндөтүү максатында Кыргыз улуттук консерваториясынын вокал бөлүмүнө тапшырган. Гүлжигит Калыковдун репертуарында "Жамгыр төктү", "Сен дегенде", "Махабатым", "Жүрөгүңдөн орун бер", "Сулуусу элең сулуусу" сыяктуу эл сүйгөн көптөгөн ырлар бар. Ал 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган. Ошентип бул наамды алган эң жаш артисттердин бири болуп калган. Бүгүнкү күндө ал чыгармачылыгын ийгиликтүү улантып, Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү музыкалык сынактарда калыс катары да эмгектенип келет.
Ырчы 2016-жылы Айпери Куржумбаевага баш кошкон. Учурда жубайлар 2 уул, 1 кызды тарбиялап келишет.
Ырчы 2016-жылы Айпери Куржумбаевага баш кошкон. Учурда жубайлар 2 уул, 1 кызды тарбиялап келишет. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:31
2026-07-15
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео