Чукул билдирүү: Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө
Бүгүн, 23-июлда жакынкы үч саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөшү, катуу шамал күтүлүүдө.
ӨКМден маалымдашкандай, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Министрлик жарандарды төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат:
- Зарыл болбосо сыртка чыкпоо;
- Дарактардын, электр мамыларынын жана жарнамалык конструкциялардын жанында турбоо;
- Унааларды бак-дарактардын жана кооптуу объекттердин алдына токтотпоо;
- Кооптуу кырдаал жаралса, 112 кызматына кабарлоо.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















