Трамп менен Путиндин ишенимдүү өкүлдөрү Филиппинде сүйлөшүү өткөрүштү
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Филиппиндин Манила шаарында АСЕАН саммитинин алкагында жолугушту. Сүйлөшүү 35 мүнөткө созулгандыгын чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты жана эл аралык күн тартибиндеги маселелерди, анын ичинде Украинадагы согушту талкуулашты.
Орусиянын ТИМинин маалыматына ылайык, Лавров фронттогу кырдаал тууралуу маалымат берип, Киевге курал-жарак жеткирүүнү көбөйтүүгө каршы экенин белгиледи. Ошондой эле Москва жаңжалды саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салууга даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде Марко Рубио АКШ Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга көмөктөшүүгө даяр экенин айтып, бул жолугушуу сүйлөшүүлөрдү жандандыруу мүмкүнчүлүгүн баалоого шарт түзөрүн белгиледи.
Эскерте кетсек, бул Лавров менен Рубионун 2025-жылдан берки төртүнчү жолугушуусу болду. Буга чейин алар Эр-Риядда, Куала-Лумпурда жана Нью-Йоркто кездешкен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















