super.kg logo

Кыргызстан менен Индия соода жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

 

23-июлда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индиянын тышкы иштер, айлана-чөйрө, токой чарбасы жана климаттын өзгөрүшү боюнча мамлекеттик министри Кирти Вардхан Сингх менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестицияларды тартуу, өндүрүш тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана туристтик алмашууларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле банктар аралык кызматташтыкты күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, министрлер Шанхай кызматташтык уюму алкагындагы кызматташтыктын келечеги боюнча пикир алышып, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы жолугушуулардын графигин карап чыгышты.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстан менен Индия өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин ырасташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: