БУУ АКШнын Иранга соккуларын кайра жандантканын айыптады
БУУнун эксперттери АКШнын Иранга каршы кайрадан аба соккуларын жасаганын айыптап, бул эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду бузат деп билдиришти.
Маалыматка ылайык, АКШнын президенти 8-июлда 18-июнга караган түнү Иран менен жетишилген ок атышууну токтотуу келишими күчүн жоготконун билдирген. Андан кийин АКШнын аскер күчтөрү Иранга бир нече ирет сокку урган. АКШнын Борбордук командачылыгы бул аракеттерди Ормуз кысыгы аркылуу өткөн коммерциялык кемелерге каршы Иран тарабынан жасалган аракеттерге жооп катары түшүндүргөн. Өз кезегинде Иран Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөрдө жайгашкан АКШнын аскердик базаларына сокку урган.
БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы тараткан билдирүүдө мындай аракеттер тынчтыкка жетишүү мүмкүнчүлүгүн алсыратары, согуштан жабыркагандардын укуктарын чектери жана жаңжалды биротоло жөнгө салуу үчүн зарыл болгон өз ара ишенимге доо кетирери белгиленген.
Ошондой эле эксперттер Ирандын түштүгүндөгү порттор сыяктуу жарандык инфраструктурага сокку урулганы, Чабахар шаарында электр энергиясы өчүрүлгөнү, Бушер атомдук электр станциясы жанында снаряддар түшкөнү жана темир жолдорго, анын ичинде Аг-Текке-Хан көпүрөсүнө зыян келтирилгени тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















