АКШнын мамлекеттик катчысы менен сүйлөшүүдөн кийин Сергей Лавров Кыргызстанга келди (видео)
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өлкөнүн ТИМи билдирди.
Ал 25-июлда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат.
Жыйында эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде ШКУ аймагындагы коопсуздук, туруктуулук жана Евразиядагы туруктуу өнүгүү талкууланары күтүлүүдө. Ошондой эле иш-чаранын алкагында Сергей Лавров бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Белгилей кетсек, буга чейин Лавров Филиппинде АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
АКШнын мамлекеттик катчысы менен сүйлөшүүдөн кийин Сергей Лавров Кыргызстанга келди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















