Индонезиянын жээгинде 5,8 баллдык жер титирөө болду

Индонезиянын жээгинде күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборуна таянып, чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Тернате шаарынан түштүк-батышты көздөй 131 чакырым аралыкта жайгашып, 49 чакырым тереңдикте катталган. Тернате шаарында болжол менен 101 миң адам жашайт.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Ошондой эле жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу жарыяланган эмес.
Учурда тиешелүү кызматтар кырдаалга көз салып, кошумча маалыматтарды тактап жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















