Элмурза Сатыбалдиев кайрадан Волейбол федерациясынын президенти болуп шайланды
Мурдагы депутат Элмурза Сатыбалдиев кайрадан Кыргызстандын Волейбол федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу аталган федерациянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ, 23-июлда Бишкекте федерациянын отчёттук-шайлоо конференциясы өттү. Сатыбалдиев жалгыз талапкер катары көрсөтүлүп, делегаттардын бир добуштан колдоосуна ээ болгон.
Сатыбалдиев уюмга алгач 2009-жылы президент болуп шайланган. Бул кызматты ал 2013, 2017 жана 2021-жылдары да аркалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















