Венесуэладагы жер титирөө: Каза болгондордун саны 5 миңден ашты

Венесуэлада болгон кыйраткыч жер титирөөдөн каза болгондордун саны 5 миң 398 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Расмий маалыматка ылайык, кырсыктан 16 миң 740 адам жаракат алып, 17 миң 907 тургун үй-жайсыз калган. Ошондой эле 190 имарат толугу менен кыйрап, дагы 856 имарат олуттуу жабыркаган.
Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө 6 миң 462 адам аман-эсен куткарылды. Жабыркагандарга медициналык жана гуманитардык жардам көрсөтүлүп, миңдеген тургундар убактылуу жайгаштыруу борборлоруна көчүрүлдү.
Эске салсак, күчтүү жер титирөөнүн очогу Кариб деңизинин жээгинде, өлкө борбору Каракас шаарынан батышты көздөй 168 чакырым аралыкта, 13 чакырым тереңдикте катталган. Кырсыктан кийин Венесуэлада жети күндүк улуттук аза күтүү жарыяланган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















