Манаста жаштарга жаңы спорт зал курулууда (видео)
Кечээ, 23-июлда Манас шаарына караштуу Котур-Каман айылында курулуп жаткан заманбап спорт залдагы иштердин жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу Манас мэриясынын маалымат борбору маалымдады.
Маалым болгондой, учурда курулуштун 70 пайыздан ашыгы бүткөрүлүп, жаштардын спорт менен машыгуусу үчүн бардык шарттар түзүлүүдө.
"Долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 21 миллион 792 миң сомду түзөт. Курулуш толугу менен аяктагандан кийин спорт зал жергиликтүү тургундардын пайдалануусуна берилет",- деп белгиленди маалыматта.
Жаштарга жаңы спорт залы курулууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















