super.kg logo

Мамлекеттик күзөт кызматынын каза болгон кызматкеринин иши боюнча беш шектүү кармалды

 

Ысык-Көл облусунда сабалып каза болду делген Мамлекеттик күзөт кызматынын 23 жаштагы кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши иликтенип, окуяга тиешеси бар деп шектелген беш жаран кармалды.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, 29-июнда Бишкектеги Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунан 2003-жылы туулган Ж.Т. аттуу жарандын каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Ал Мамлекеттик күзөт кызматында күзөтчү болуп иштеп келген.

Алдын ала маалымат боюнча, ошол күнү эртең менен кызматтык сапта турган учурда күтүүсүздөн эсин жоготуп жыгылган. Ага дароо медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилгенине карабастан, өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Маркумдун сөөгүн сырттан кароодо оор жаракаттар аныкталган эмес. Бирок көкүрөк бөлүгүндө көгөргөн жана сыйрылган тактар болгондуктан, алардын келип чыгуу жагдайларын жана өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Кийинчерээк, 22-июлда маркумдун агасы милицияга арыз менен кайрылып, иниси 11-июндан 12-июнга караган түнү Ак-Суу районуна сүйлөшкөн кызына барганда белгисиз адамдар тарабынан сабалганын билдирген. Арызда Ж.Т. бул тууралуу эч кимге айтпай, Бишкекке жумушка кеткендиги жана 29-июнда каза болгону көрсөтүлгөн.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө окуяга тиешеси бар деп шектелген Ак-Суу районунун тургундары Ч.С., Д.Н., С.Н., Б.А. жана И.А. аныкталды. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.

Шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 23-июлда Ак-Суу райондук соту жашы жете элек Б.А. жана И.Ага карата үй камагын тандады. Ал эми калган үч шектүүгө карата бөгөт коюу чарасы 24-июлда сотто каралары белгиленген.

Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин интернет желесине УКМКнын 9-бөлүмүнүн кызматкери 7 адам тарабынан сабалганы боюнча билдирүү интернет желесине тарап, анда маркумдун агасы президентке кайрылган болчу.

Маалымат үчүн: Учурда УКМКнын 9-бөлүмү деген кызмат Мамлекеттик күзөт кызматы болуп, мекеме түз президенттин карамагына өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: