Конгодо эбола вирусунан каза болгондордун саны көбөйүүдө. Бул тууралуу эл аралык басылмалар өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып кабарлашты.Ага ылайык, учурда вирус жуктуруп алгандардын саны 2536га жетип, алардын ичинен 1033ү көз жумган. Ошондой эле 738 бейтап медициналык мекемелерде же обочолонуп дарыланып жатат. Учурда бул вируска каршы вакцина же атайын дарылоо ыкмасы жок.
Эске салсак, эбола вирусунун бул очогу быйыл 15-майда Конгонун чыгышындагы Итури провинциясында аныкталган. Ал эми 17-майда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул кырдаалды эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Супер-Инфо
super.kg видео
















