super.kg logo

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 40 күн калды

 

Кечээ, 23-июлда Кыргызстандын Улуттук тарых музейинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган "40 күн калды!" аттуу расмий иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Анда оюндардын Маданий программасы коомчулукка тааныштырылып, анын негизги багыттары, өткөрүлүүчү жайлары жана даярдалган иш-чаралар тууралуу маалымат берилди.

Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов, уюштуруучулар, чыгармачыл топтун өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары жана блогерлер катышты.

Ошондой эле "Биримдик кербени" аттуу жалпы улуттук руханий-маданий демилгеге старт берилди. Ал 40 күндүн ичинде өлкөнүн 40 аймагын кыдырып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын баалуулуктарын жана кыргыз элинин маданий мурасын жайылтууга багытталат.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл өтөт. Ага дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүнөн катышуучулар жана коноктор келери күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: