Жөнөкөй үй-бүлөдөн чыгып, дүйнөнү багынткан Женнифер Лопес 57 жашта
Бүгүн, 24-июлда дүйнөгө белгилүү ырчы жана актриса Женнифер Лопес 57 жашка толду. Теги пуэрто-рикалык болгон ырчы 1969-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарында туулган. Анын атасы компьютер тармагында адис болуп иштеген, ал эми апасы үй кожойкеси болгон. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу.
Женнифер бала чагынан эле музыка жана бийге кызыгып, чыгармачылык менен алектене баштаган. 7 жашында бий өнөрүн мыкты өздөштүргөн Женни эки жылдан кийин чоң концерттерге катышып, апасын сүйүнткөн. Анын алгачкы чоң ийгилиги 1991-жылы Fly Girl бий тобунда бийчи болуп иштеп жүргөндө келген. Женнифер Лопес музыкадагы карьерасын 1999-жылы "If You Had My Love" (Менин сүйүүм сенде болсо) ыры менен ийгиликтүү баштап, ал ыр Billboard Hot 100 хит-парадында биринчи орунга чыккан. Ошол эле жылы жарык көргөн On the 6 (Алтынчы линияда) альбому дүйнө жүзү боюнча 8 миллиондон ашык нускада сатылган.


2001-жылы чыккан "J.Lo" альбому ырчынын атак-даңкын дагы да арттырган. Бир жылдан кийин жарык көргөн "This Is Me… Now" (Бул азыркы мен) альбомундагы "Jenny from the Block" (Коңшу кварталдан чыккан Женни) ыры болсо Женнифер Лопестин чыгармачылыгынын символуна айланган. Ошондой эле ал тарыхта биринчи жолу Billboard 200 хит-парадынын биринчи сабынан орун алган ремикс альбомун чыгарган. Анын альбомдору миллиондогон нускада сатылып, бир нече жолу платина макамын алган. Женнифер Лопес American Music Awards жана ALMA Awards сыйлыктарынын бир нече жолку жеңүүчүсү. 2024-жылы ырчы 10 жылдык тыныгуудан кийин "This Is Me… Now" (Бул азыркы мен) аттуу жаңы альбомун чыгарып, аны актёр Бен Аффлек менен болгон сүйүүсүнө арнаган. Жалпысынан 8 студиялык альбому бар.


Ырчы айым музыка менен гана алектенбестен актриса катары да өзүн ийгиликтүү сынап көргөн. Ал "Кызматчы айым", "Тойдогу чыр", "Эгер кайнене желмогуз болсо", сыяктуу белгилүү тасмаларда роль жаратып, жалпысынан 30дан ашык тасмада ойногон.
Кино жана музыкадан тышкары ал ийгиликтүү ишкер катары да белгилүү. Ал кийим, атыр жана косметика бренддерин негиздеп, "Glow by J.Lo" (J.Lo’нун жаркыроосу) атыры менен чоң ийгиликке жетишкен. Ошондой эле кайрымдуулук менен алектенип, аялдарга жана балдарга жардам берүүчү фонд түзгөн. Ал эми 2023-жылы "Delola" аттуу жаңы брендин ишке киргизген.
Женнифер Лопес дүйнөлүк шоу-бизнестеги эң таасирдүү жана бай аялдардын бири болуп саналат. Time журналы аны испан тилдүү америкалыктардын арасындагы эң таасирдүү 25 адамдын катарына киргизген. Ал эми Forbes журналы аны дүйнөдөгү эң таасирдүү атактуулардын бири деп атаган.
Ырчы айым жеке жашоосунда 4 жолу турмушка чыккан. 2008-жылы үчүнчү жолдошу ырчы Марк Энтони экөөнүн ортосунда эгиз балдар төрөлгөн. Женнифердин көпчүлүккө белгилүү сүйүү баяндарынын бири актёр Бен Аффлек менен 2002-жылы мамиле куруп, бирок 2003-жылы ажырашып кетишкен. Бирок 18 жылдан кийин тагдыр аларды кайрадан табыштырып, 2022-жылы Лас-Вегаста баш кошушкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















