super.kg logo

1729 талапкер мектеп директору болуу үчүн сынакка катышат

 

Бүгүн, 24-июлда Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына өткөрүлө турган сынак тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, эртең, 25-июлда мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү уюмдарынын директорлук кызматтарына талапкерлер үчүн квалификациялык тестирлөөнүн биринчи этабы башталат.

Сынакка катышуу үчүн жалпысынан 2147 арыз түшүп, алардын ичинен 1729 талапкердин документтери кабыл алынган. 90 талапкердин документтери четке кагылып, 328 арыз оңдоого жөнөтүлгөн.

Талапкерлердин эң көбү жалпы билим берүү уюмдарына, башкача айтканда, мектеп директорлугуна талапкер болушкан - 1137 адам. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына 747, башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарына 116, ал эми мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарына 147 талапкер арыз берген.

Квалификациялык тестирлөөнүн биринчи этабы 25-июлдан 31-июлга чейин өтөт. Сынактын экинчи этабына документ кабыл алуу 8-августтан 31-октябрга чейин жүргүзүлүп, сынак 16-ноябрдан 27-ноябрга чейин өткөрүлөт.

Сынакты уюштурууну Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти жүргүзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: