super.kg logo

КРСУ 33 жылдык тарыхында алгач ирет жалпы бүтүрүү кечесин өткөрүп, Бүтүрүүчүлөр ассоциациясын түзгөнүн жарыялады

 

Кыргыз-Орус Славян университети (КРСУ) 33 жылдык тарыхында алгачкы жолу жалпы университеттик бүтүрүү кечесин өткөрдү. «Жаштык Аренада» өткөн салтанатка 4,5 миңден ашуун адам катышып, 1128 бүтүрүүчүгө диплом тапшырылды. Кеченин эң маанилүү окуяларынын бири катары КРСУнун Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын түзүлгөнү жарыяланды. Жаңы ассоциация ар кайсы жылдары окууну аяктаган бүтүрүүчүлөрдү бириктирип, кесиптик кызматташтыкты жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган аянтча болот.

Бүтүрүү кечесинин өнөктөштөрүнүн бири АНО «Евразия» болду. Иш-чаранын катышуучуларына видеокуттуктоо менен Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, «Евразия» уюмунун кеңешинин төрайымы жана КРСУнун Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Алёна Аршинова кайрылды.

Ал өз сөзүндө «Евразия» КРСУ менен кызматташууга кубанычта экенин белгилеп, университет Орусия менен Кыргызстандын бирдиктүү билим берүү жана гуманитардык мейкиндигин өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын айтты.

«КРСУ заман талабына жооп берген адистерди даярдап, кесиптик коомчулуктарды бириктирип, эки өлкөнүн жаштарынын ортосундагы байланышты чыңдоодо. Студенттер окуу менен гана чектелбестен, билим берүү, маданий жана ыктыярчылык долбоорлорго активдүү катышып, коомго пайдалуу болууга умтулушат. Бүтүрүүчүлөргө алган билимдерин ишенимдүү колдонуп, өз идеяларын ишке ашырып, Кыргызстандын өнүгүшүнө жана кыргыз-орус кызматташтыгын чыңдоого салым кошуусун каалайм», – деди Алёна Аршинова.

Салтанатка бүтүрүүчүлөр, окутуучулар, ата-энелер, Кыргызстандын жана Орусиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, университеттин өнөктөштөрү жана ардактуу коноктор катышты. Бул күнү бакалавриаттын, адистик программаларынын, магистратуранын, ординатуранын, колледждин жана КРСУ мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды. Ошондой эле окууда, илимде, коомдук, чыгармачылык жана спорттук иштерде өзгөчөлөнгөн студенттер университеттин өнөктөштөрүнүн атайын сыйлыктары менен сыйланышты.

КРСУнун ректору Сергей Волков университет менен «Евразия» уюмунун кызматташтыгы билим берүү, жаштар саясаты, спорт жана маданият тармактарында ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, быйыл Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунда кол коюлган кызматташтык тууралуу келишим студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

«Жалпы университеттик бүтүрүү кечесин өткөрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн “Евразия” уюмуна ыраазычылык билдиребиз. Бул жаштардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө, кесиптик өсүшүнө жана эл аралык кызматташтыгына өбөлгө түзгөн маанилүү салым. Өнөктөштүгүбүз мындан ары да Евразия мейкиндигиндеги гуманитардык байланыштарды чыңдай берет деп ишенем», – деди Сергей Волков.

КРСУ 33 жыл ичинде 40 миңге жакын адисти даярдап чыгарды. Алар мамлекеттик башкаруу, илим, билим берүү, саламаттык сактоо, экономика, өнөр жай, маданият жана эл аралык уюмдарда эмгектенип келишет.

Алгачкы жалпы университеттик бүтүрүү кечесинин өткөрүлүшү окуу жай үчүн жаңы салт болуп, КРСУнун Кыргызстан менен Россиянын алдыңкы билим берүү борборлорунун бири экенин дагы бир жолу тастыктады.

Майрамдык кече орусиялык жана кыргызстандык ырчылардын катышуусундагы концерт менен жыйынтыкталды. Концерттин башкы коноктору орусиялык «Пицца» тобу жана беларусиялык ырчы Hollyflame болушту.

Маалымат үчүн:

АНО «Евразия» эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган жана жеке каражаттардын эсебинен долбоорлорду ишке ашырат. Уюмдун негизги максаты – ар түрдүү курактагы жана кесиптеги адамдарды бириктирип, салттуу баалуулуктарды, тарыхый эс-тутумду жана Евразия элдеринин жалпы маданий мурасын сактоо.

Уюм билим берүү, медицина, маданият, ыктыярчылык жана кайрымдуулук тармактарында иш алып барат. Анын ири долбоорлору орус тилинин маданияттар аралык диалогдун куралы катары ролун чыңдоого көмөктөшөт. Ошондой эле балдарга, жаштарга жана үй-бүлөлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, мугалимдердин, дарыгерлердин, журналисттердин, окумуштуулардын жана эксперттердин кесиптик коомчулуктарын өнүктүрөт. Уюм экологиялык, гуманитардык жана ыктыярчылык миссияларды да жүзөгө ашырат. Акыркы эки жыл ичинде «Евразиянын» демилгелерине дүйнөнүн 53 өлкөсүнөн 200 миңден ашуун адам колдоо көрсөткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: