super.kg logo

Берлинде ЛГБТ-парадга кол салууга шектелген адам полиция тарабынан атып өлтүрүлдү

 

Германиянын борбору Берлин шаарында ЛГБТ-парадга автоунаа менен кол салууга шектелген 21 жаштагы жаран полициянын атайын операциясы учурунда атып өлтүрүлдү.

Маалыматка ылайык, шектүү Берлиндин Шпандау районундагы бакча тилкесинен табылган. Аны кармоо учурунда полиция кызматкерлерине муздак курал менен кол салууга аракет кылганы айтылууда. Натыйжада укук коргоо кызматкерлери ок чыгарышкан. Дарыгерлер жардам көрсөтүүгө аракет кылганы менен, ал окуя болгон жерде каза болгон.

Немис маалымат каражаттарынын жазышынча, шектүү Абдул Баллут буга чейин террордук аракеттерге даярдык көрүүгө шектелип кармалган. Ал быйыл май айында жаштар үчүн түзөтүү мекемесинен бошотулган. Тергөөнүн маалыматына караганда, мурда Сирияга барып, "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулууга аракет кылган деген шек болгон.

Эске салсак, 25-июль күнү Берлиндеги Тиргартен паркына жакын жерде ак түстөгү кичи жүк ташуучу унаа Christopher Street Day ЛГБТ-парадынын катышуучуларын сүзүп кеткен. Кол салуудан бир аял каза болуп, дагы 29 адам жаракат алган. Германиянын бийлиги бул окуяны теракт деп атаган.

26-июлда Бранденбург дарбазасынын алдына жүздөгөн адам чогулуп, каза болгон адамды эскерип, жабыркагандарга колдоо көрсөтүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: