Соң-Көлдө мыйзамсыз жүргөн унааларга 66 миң сом айып салынды (видео)
Бүгүн, 27-июлда Соң-Көл аймагында жайыттарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо боюнча жүргүзүлгөн рейд учурунда мыйзам талаптарын одоно бузган 12 учур аныкталып, жалпы 66 миң сом административдик айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Рейд министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Нарын облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.
Иш-чара жайыттарда, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында автоунаа жана мототранспорт каражаттарынын мыйзамсыз жүрүүсүнүн алдын алуу максатында уюштурулган.
Министрлик жарандарды жайыттарды жана жаратылыш байлыктарын сактоого жоопкерчилик менен мамиле кылып, жаратылышты коргоо боюнча мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.
Соң-Көлдө мыйзамсыз жүргөн унааларга 66 миң сом айып салынды
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















