Кыргыз милициясына 102 жаңы кызматтык унаа тапшырылды
25-июлда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын чыгарууга арналган коллегиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын алдында Кыргызстандын президентинин колдоосу менен участкалык милиция кызматкерлерине 102 кызматтык унаа тапшырылды.
Маалыматка ылайык, унаалар калкка көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатуу, жарандардын чакыруусу боюнча участкалык милиция кызматкерлеринин окуя болгон жерге ыкчам жетүүсүн камсыздоо жана алардын кызматтык ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында берилген.
Коллегиянын жүрүшүндө ички иштер органдарынын негизги багыттары боюнча баяндамалар угулуп, биринчи жарым жылдыктагы иштин жыйынтыктары жана милициянын ишин мындан ары жакшыртуу чаралары талкууланды.
Белгилей кетсек, 102 унаанын тапшырылышы кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгын майрамдоонун алдында өткөрүлдү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















