Путин: "Украинанын бүтүндүгүнүн жалгыз кепили Орусия болгон"
Бүгүн, 27-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын батыш аймактары келечекте өлкөнүн курамынан чыгышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал Аскер-деңиз флотунун аскер кызматкерлери менен жолугушууда айтканын орусиялык басылмалар жазышты.
"Мен Украина эртеби-кечпи, бул батыш жерлеринен ажырайт деп ишенем. Польшага, Венгрияга жана Румынияга таандык болгон аймактар да эртеби-кечпи өз тарыхый ордуна келет. Бул эртең же бүрсүгүнү болбошу мүмкүн, бир, эки, 10 же 15 жыл өтүшү ыктымал. Бирок тарых баарын өз ордуна коёт",- деди Путин.
Ошондой эле ал "Украинанын аймактык бүтүндүгүнүн жалгыз кепили Орусия болгон" деген билдирүү жасады.
Путиндин айтымында, азыркы дүйнөлүк тартип Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин БУУнун Уставынын негизинде түзүлгөн жана СССР тарагандан кийин Батыш өлкөлөрү бул тартипке өзгөртүү киргизүүгө аракет кылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















