super.kg logo

Иран Украинага жооп кайтарарын эскертти

 

Бүгүн, 27-июлда Иран парламентинин Улуттук коопсуздук боюнча комиссиясынын төрагасы Ибрагим Азизи Украина Ирандын соода кемесине жасалган чабуул үчүн жоопко тартылышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Азизи: "Иранга жасалган ар кандай чабуул дайыма кымбатка турат жана бул азыр да актуалдуу. АКШ менен Израил муну жакшы билет. Украина да жакын арада Иран эч бир аракетти жоопсуз калтырбай турганын түшүнүшү мүмкүн. Туура эмес эсептегендердин тизмеси өсүп жатат!"- деген билдирүүсүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 25-июлда Каспий деңизинде Ирандын соода кемесине Украина тарабынан жасалган соккудан бир адам каза болуп, дагы бир адам жаракат алган. Тегеран бул окуяны эл аралык укуктун бузулушу деп атап, жаңжалдын курчушуна Киевди айыптаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да чабуул болгонун тастыктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: