super.kg logo

Инфантино Дүйнө чемпиондугунун сынчыларына жооп берди

 

Кечээ, 26-июлда ФИФАнын президенти Жанни Инфантино 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна айтылган сын-пикирлерге Instagram баракчасында жооп берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.

Инфантино сынчылар чемпиондукка болгон жек көрүү жана сын менен алек болуп, турнирдин жакшы жактарын байкабай калганын айтты.

"Силердин жек көрүү жана сын менен ушунчалык алек болуп, баарын өткөрүп жибергениңер өкүндүрөт. Убактысын жана күчүн жек көрүүгө короткондордун баарына айтарым: медитация кылгыла, сыйынгыла, жылмайгыла, жакындарыңар менен убакыт өткөргүлө же футболдук беттеш көргүлө. Сын жана жалган ушактарды тараткандарга айтарым: силер үйдө отурганда, биз алдыңкы сапта иштеп, дүйнөдөгү эң мыкты шоуну уюштурууга болгон күчүбүздү жумшадык. Бизде зордук-зомбулук болгон жок. 100 пайыз коопсуздук, кубаныч жана бакыт!",- деп жазды ФИФА президенти.

Белгилей кетсек, 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугу АКШ, Канада жана Мексикада өтүп, финалда Испания Аргентинаны 1:0 эсебинде жеңип, чемпион болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: