"Мен чечкиндүү каршылык көрсөтөм". Нетаньяху АКШдагы татаал сүйлөшүүлөргө даярданууда
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын аскерлерди Газа тилкесинен, Сириядан жана Ливандан чыгарып кетүү талабына каршы турарын билдирди.
Бул тууралуу Израилдин 13-каналына таянып Tengrinews.kz жазды.
Маалыматка ылайык, Нетаньяху мындай билдирүүнү АКШга сапарынын алдында аскердик-саясий кабинеттин жыйынында жасаган.
"Мен буга чечкиндүү түрдө каршы турам. Аларга "жок" деп айтам",- деген премьер-министр.
Булактардын маалыматына караганда, Израил Газа тилкесиндеги учурда көзөмөлдөп турган аймактардан аскерлерин чыгарууну пландабайт. Кеп ок атышууну токтотуу келишиминен кийин пайда болгон шарттуу "сары сызыктын" чыгыш тарабындагы аймактар тууралуу болуп жатат.
Израил бийлиги ХАМАС кыймылы толук куралсызданмайынча жана анын аскердик инфраструктурасы жок кылынмайынча аскерлерди мындан ары чыгарбастыгын билдирүүдө.
Буга чейин Associated Press агенттиги спутниктен тартылган сүрөттөргө таянып, Израилдин аскерлери "сары сызыктын" боюнда ири топурак тосмосун куруп жатканын билдирген. Израил армиясы курулуш иштери жүрүп жатканын тастыктаганы менен, анын максатын кеңири түшүндүргөн эмес.
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















