super.kg logo

Түндүк Кореяда Жеңиш күнү белгиленүүдө: Ким Чен Ын согушта курман болгондорду эскерди

 

Бүгүн, 27-июлда Түндүк Кореяда 1950–1953-жылдардагы Корея согушунун аякташынын 73 жылдыгы белгиленүүдө. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдиришти.

КЭДРде бул дата расмий түрдө Ата Мекендик боштондук согушундагы Жеңиш күнү деп аталат. Майрамдын алдында өлкө лидери Ким Чен Ын Корея согушуна катышкан түндүк кореялык жана кытайлык аскерлердин мемориалдарына барып, курман болгондорду эскерди. Ал жерге гүл коюп, ардагерлер менен жолугушту.

Ким Чен Ын согуштун жыйынтыгын "улуу жеңиш" деп атап, КЭДР АКШ жана анын союздаштары менен болгон каршылашууда өзүнүн эгемендигин жана кадыр-баркын сактап калганын айтты.

"27-июлдагы керемет - кийинки муундарга эч кандай бурмалоосуз өткөрүп берүү зарыл болгон баа жеткис идеялык жана руханий мурас",- деди Түндүк Кореянын лидери.

Ошондой эле ал Кытайдын элдик ыктыярчыларынын мемориалына барып, Корея согушунда каза болгон кытайлык аскерлерди эскерди. Мемориалга 134 кытайлык ыктыярчынын сөөгү коюлган.

1953-жылы ушул күнү Корея жарым аралындагы согуштук аракеттерди токтоткон жарашуу келишимине кол коюлган. Бирок тынчтык келишими түзүлбөгөндүктөн, Түндүк жана Түштүк Корея формалдуу түрдө дагы эле согуш абалында деп эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: