Барселона метросундагы өрттөн 137 адам түтүнгө ууланды
Испаниянын Барселона шаарындагы метродо чыккан өрттөн 137 адам түтүнгө ууланып, алардын ичинен 40 киши ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Өрт 27-июль күнү кечинде "Клот" жана "Глорьес" станцияларынын ортосунда чыккан. Поезддин айдоочусу жалынды байкаары менен поездди дароо токтотуп, куткаруу кызматтарын чакырган.
Бирок вагондордун ичин калың түтүн каптап, жүргүнчүлөрдүн дем алышы кыйындаган. Ошондуктан алар туннель аркылуу сыртка чыгууга аргасыз болушкан. Өрт чыккан учурда метродо болжол менен 300дөй адам болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, өрт туннелдеги электр зымынын бир бөлүгү үзүлүп кеткендиктен чыккан. Окуядан кийин метро линиясынын иши убактылуу токтотулуп, анын кыймылын 28-июль күнү эртең менен калыбына келтирүү пландалууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















