Монголиядан 1300 жылдык байыркы түрк руникалык жазуусу табылды
Бүгүн, 28-июлда Монголиянын Баянхонгор аймагында археологдор VIII кылымга таандык байыркы түрк руникалык жазуусун табышканы маалым болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Жазуу тоонун боорундагы асканын бетинен табылган. Анда бир нече саптан турган руникалык белгилер түшүрүлгөн. Жазуулар жакшы сакталып, белгилердин сызыктары даана көрүнүп турат.
Изилдөөнү Кытайдын Ички Монголия университетинин жана Монголиянын Илимдер академиясынын Археология институтунун адистери биргелешип жүргүзүшкөн.
Мындай жазуулар VII-X кылымдарда Монгол платосунда жашаган көчмөн мамлекеттер, анын ичинде Түрк жана Уйгур каганаттары тарабынан кеңири колдонулган. Алардын эң белгилүү үлгүлөрүнүн катарына Орхон өрөөнүндөгү жазуулар кирет.
Адистер жаңы табылга байыркы түрк жана уйгур тарыхын, ошондой эле Жибек жолунун тарыхын изилдөөгө маанилүү салым кошорун белгилешкен. Окумуштуулар эми жазууну чечмелеп, кеңири изилдөө иштерин жүргүзүшөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















