super.kg logo

Ливан Иракка мунай ташуунун жаңы жолун сунуштады

 

Бүгүн, 28-июлда Ливан Иракка мунайды Жер Ортолук деңизине жеткирүү үчүн өз аймагы аркылуу өтүүчү альтернативдүү маршрутту сунуштаганы белгилүү болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат булактары жазышты.

Сунуш Ливандын премьер-министри Наваф Саламдын Багдадга болгон сапары учурундагы сүйлөшүүлөрдө айтылган.
Маалыматка караганда, ОПЕКтеги мунай өндүрүү боюнча экинчи ири өлкө болгон Ирак Ормуз кысыгынын жабылышынан олуттуу жабыркаган. Өлкөнүн чийки мунай экспорту суткасына 4,2 миллион баррелден 1,5 миллион баррелге чейин төмөндөгөн.

Ушуга байланыштуу Ирак мунай экспортун коопсуз багыттар аркылуу жүргүзүүнүн альтернативдүү жолдорун издеп жатат. Ливан өз аймагын Жер Ортолук деңизине чыгуучу кошумча маршрут катары пайдаланууну сунуштады.

Долбоор Киркук-Банияс тарыхый мунай куурун калыбына келтирип, кеңейтүүнү карайт. Мунай кууру Сириянын аймагы аркылуу өтүп, Ливандын Триполи портуна чейин жетет.

Ливандын энергетика министри Жо Садди сүйлөшүүлөрдү "позитивдүү" деп баалап, долбоорду изилдөө үчүн эки өлкөнүн биргелешкен жумушчу тобу түзүлгөнүн билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: