Трамп Иран менен сүйлөшүүлөр тууралуу үн катты
Бүгүн, 28-июлда АКШ президенти Дональд Трамптын Иран менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдү "достук маанайда" деп атады. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары кабарлашты.
"Аларды сатып ала албайсың. Аларды жеңишиң керек, биз аларды катуу жеңебиз. Бирок мунун аягы эмне менен бүтөрүн көрөбүз. Азыр достук маанайдагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат",- деди Трамп.
АКШ президентинин айтымында, Иран деңиз портторуна коюлган блокаданы мүмкүн болушунча тез арада алып салууну суранып жатат. Ошондой эле Трамп АКШ Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербей турганын дагы бир жолу билдирди.
25-июлда АКШ Иранга сокку урууну токтоткон. 27-июлда Трамп сүйлөшүүлөр натыйжа бербесе, Иранга каршы соккулар кайра уланышы мүмкүн экенин эскерткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















