АКШ менен Сауд Арабиясы Ирактын чыгышындагы объекттерге сокку урду
Кечээ, 28-июлда АКШ менен Сауд Арабиясынын аскердик күчтөрү Ирактын чыгышындагы Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен байланышы бар деп эсептелген куралдуу топтордун объекттерине абадан сокку урду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмаларга АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) билдирди.
Маалыматка ылайык, соккулар логистикалык объекттерге жана курал-жарак сакталган кампаларга жасалган. CENTCOM бул аракет акыркы 3 күн ичинде Иран тарабынан учурулган 30дан ашуун учкучсуз учуучу аппараттын чабуулуна жооп деп белгилешкен.
Командачылыктын билдиришинче, быйыл февраль айынан апрель айына чейин Иран менен байланышы бар куралдуу топтор Ирактагы АКШнын жарандарына жана объекттерине 600дөн ашуун жолу кол салууга аракет кылышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:21
2026-07-29
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















