super.kg logo

Иран АКШнын Иорданиядагы базасына сокку урду

 

Иран Иорданиядагы АКШнын аскердик базасына баллистикалык ракеталарды учурду. Бул тууралуу "Axios" порталы ишенимдүү булактарына таянып билдирди.

Кийинчерээк АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы X социалдык тармагындагы баракчасында аскерлер ракеталарды тосуп калганын маалымдады.

"Иран Жакынкы Чыгыштагы АКШ күчтөрүнө күтүүсүз чабуул жасоого аракет кылды. Иран тарабынан учурулган бардык ракеталар ийгиликтүү тосуп алынды",- деп айтылат билдирүүдө

Эске салсак, 18-июнда Иран менен АКШ аралыктан өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Документте 28-февралда башталган аскердик жаңжалды токтотуу каралган. Ошондой эле меморандум АКШнын деңиз блокадасын алып салуу жана Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын калыбына келтирүү мөөнөттөрүн аныктамак.

Бирок июнь айынын аягында АКШ менен Иран бири-бирине маал-маалы менен сокку уруп, аймакта чыңалуу кайра күчөгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: