super.kg logo

БУУ: Дүйнөгө ВИЧтин жаңы эпидемиясы коркунуч жаратууда

 

БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча биргелешкен программасы (UNAIDS) ВИЧке каршы күрөшкө бөлүнгөн каражаттын азайышы дүйнөдө жаңы эпидемиянын чыгуу коркунучун күчөтүп жатканын билдирди.

Уюмдун жаңы баяндамасына ылайык, 2025-жылы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө берилген эл аралык жардам 23 пайызга кыскарып, ВИЧ программаларын каржылоо 8,8 миллиард доллардан 7,3 миллиард долларга чейин азайган. Бул акыркы 20 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч болуп калды.

Каржылоонун азайышынан улам жакыр өлкөлөрдө ВИЧтин алдын алуу боюнча көптөгөн программалар жабыркады. Айрым мамлекеттерде презерватив сатып алууга жана тобокел тобундагы адамдар менен иштөөгө бөлүнгөн каражат 50–85 пайызга чейин кыскарганы белгиленди.

БУУнун маалыматына караганда, 2025-жылы дүйнөдө 1,2 миллион адам ВИЧ жуктуруп, СПИДге байланыштуу оорулардан 570 миң адам каза болгон. Учурда ВИЧ менен жашаган 41 миллион адамдын 9 миллионго жакыны керектүү дарыланууну албай келет.

Эксперттердин эсебинде, эгер шашылыш чаралар көрүлбөсө, 2030-жылга чейин жаңы жуктургандардын саны жылына 3 миллиондон ашып кетиши мүмкүн.

Ошол эле учурда UNAIDS СПИДди 2030-жылга чейин жеңүү мүмкүнчүлүгү дагы деле бар экенин белгилейт. Бирок бул үчүн жаңы алдын алуу ыкмаларын кеңири жеткирүү жана аларды каржылоону көбөйтүү зарыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: