Урмат Асанбаев Астанада эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан “Келечек оюндары-2026” эл аралык мультиспорттук мелдешинин расмий ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Урмат Асанбаев Беларустун спорт жана туризм министри Сергей Ковальчук жана Казакстандын туризм жана спорт министри Ербол Мырзабосынов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушууларда спорт тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланып, өзгөчө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына спорттук делегациялардын катышуусуна көңүл бурулду.
Ошондой эле Беларусь тарабынын демилгеси менен жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин колдоосу астында өтө турган Ачык ШКУ Кубогунун алкагындагы спорттук мелдештерди уюштуруу маселелери да каралды.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар дене тарбия жана спорт тармагындагы өз ара кызматташууну мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















